Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 5
Кенжекул айылынын көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кенжекул айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө согуштун жана эмгектин ардагери Мамаев Жээнбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү 2017-жылдын 25-ноябрында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан клубдан түндүккө жакка карап кеткен көчөсүнө согуштун жана эмгектин ардагери Мамаев Жээнбектин аты ыйгарылсын.
2. Мамаев Жээнбек атындагы көчөсүнүн чекаралары борбордук көчөдө жайгашкан клубдан түндүк тарапка карай Мамаев Турдумахаматтын жана Саитов Азаматтын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “Мамаев Жээнбек атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү, көчөнү оңдоо жана иретке келтирүү жагы Мамаев Турдумахаматтын өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кенжекул айылынын айыл башчысы Досонов Алишерге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |