Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 6
Балдар бакчасы үчүн имарат жана жер тилкесин сатып алуу жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылында жайгашкан, балдар бакчасы үчүн ылайыктуу имаратты жана аны жер тилкеси менен кошуп сатып алуу боюнча депутаттык комиссиясынын актысынын негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовдун имаратты жана жер тилкесин сатып алуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекжар айылында жайгашкан, турак жай катары курулган имаратты жер тилкеси менен кошуп балдар бакчасы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен сатып алууга макулдук берилсин.
2. Имаратты сатып алуу боюнча иш кагаздарын даярдап, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовго тапшырылсын.
Төрага | А. Миңбаева |