Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 7
Кашкар-Кыштак айылынын көчөлөрүнүн бирине наам берүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы М. Маматалиевдин Кашкар-Кыштак айылынын жаңы көчөлөрүнүн тургундарынын ошол көчөгө эмгектин ардагери Усманов Турсунбайдын атын ыйгаруу жөнүндөгү 2018-жылдын 25-январында өткөн жалпы чогулуш боюнча билдирүүсүн угуп, бул маселе кеңири талкуулангандан кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын Ибрагимова Санабар атындагы көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан жаңы көчөсүнө эмгектин ардагери Усманов Турсунбайдын аты ыйгарылсын.
2. Усманов Турсунбай атындагы көчөсүнүн чекаралары түштүк тарабынан Асмидинов Абдисайит менен Гафуров Бурхандардын үйүнөн башталып, түндүк тарабынан Мамтараимов Абдирашит жана Мамасалиев Рахматилланин үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөнүн башталыш жана аяктаган жерлерине “Усманов Турсунбай атындагы көчөсү” деген жазууну жана үйлөрдүн катар номерлерин илүү, көчөнү оңдоо жана иретке келтирүү жагы Усмановдордун үй бүлөсүнүн өз эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы (көчөгө жазууларды жана үйлөргө катар номерлерди илдирүү) Кашкар-Кыштак айылынын айыл башчысы Хошимов Кадиржанга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |