Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 8
“Сүттүү булак” деген сөздү өзгөртүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кенештин катчысы М. Маматалиев Алгабас айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун “Сүттүү булак” айылынын атын “Алгабас” айылы деп өзгөртүү жөнүндөгү” 2018-жылдын 2-февралындагы протоколу менен тааныштыргандан кийин бул маселени кеңири талкуулап чыгып, Алгабас айылы Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 15-июндагы З 1118-1 сандуу токтомундагы “Жеңилдетилген пенсиялык камсыздандандырууга укук берүүчү Кыргыз Республикасынын тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмесине” “Сүттүү булак” деген наам менен кирип калгандыгына байланыштуу айылдын тургундары пенсиялык камсыздандырууда бир кыйла тоскоолдуктарга дуушар болуп жатышкандыгын, “Сүттүү булак” деген сөздү “Алгабас” деген сөз менен алмаштырса максатка ылайык болорун аныкташып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 101 сандуу мыйзамынын 10-беренесинин 12-бөлүмүнүн, 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жеңилдетилген пенсиялык камсыздандандырууга укук берүүчү Кыргыз Республикасынын тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштарынын тизмесине” кирген “Сүттүү булак” деген сөз “Алгабас” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынан суралсын.
3. Токтом боюнча иш кагаздарын даярдоо жана тиешелүү мамалекеттик бийлик органдарына жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |