Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 9
Оператордун айлык акысын белгилөө жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ветеринардык адиси А. Ариповдун сунушун карап жана талкулап чыгып, Кыргыз Респубилкасынын 2013-жылдын 6-июнундагы “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү № 91 мыйзамын, , 2014-жылдын 5-декабрындагы “Жаныбарларды идентификация- лоонун эрежесин бекитүү жөнүндөгү” № 964, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Жаныбарларды идентификация лоо жаатындагы иштерди иштерди жүргүзүү жана ыйгарым укукту мамлекеттик органды аныктоо жөнүндөгү” № 187-токтомдорун аткаруу максатында кабыл алынган Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация- сынын 2017-жылдын 2-мартындагы № 28б буйругунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагында идентификациядан өткөн жаныбарларды электрондук базага киргизүү боюнча оператордук штатты кармоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын 5 000 (Беш миң) сом өлчөмүндө айлык акы белгиленсин.
2. Операторду кызматка алуу жана анын айлык акысын төлөп берүү Кыргыз Республикасынын «Эмгек кодексинин» талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун бир нускасы аткаруу үчүн айыл өкмөтүнө берилсин.
Төрага | А. Миңбаева |