Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 10
Кароосуз калган жер аянтын баланска алуу, реестрге киргизүү жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Депутаттар Жарооз айылынын тургуну Р. Рахманбердиевдин Жарооз айылындагы Таш-Күнгөй участкасында кароосуз калган жер аянтын менчикке сатуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Жарооз айылындагы Таш-Күнгөй участкасында жайгаш- кан жер аянттарын инвентаризация жүргүзүп, баланска кирбей калган жер тилкелерин баланска алуу жана реестрге киргизүүнү Кара-Суу райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгы менен бирге жүргүзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Инвентаризациялоо, баланска алуу жана реестрге киргизүү иштери бүткөндөн кийин ал жерлерди аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү турукту комитетке жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |