Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 12
Атайын таштанды ташуучу автоунаа алууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылы - аймактарды өнүктүрүү жылы” – деген Жарлыгын ишке ашыруу максатында айылдарда санитардык-гигиеналык абалды туруктуу кармоо, көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылуу, таштандылардын чогулуусуна жол бербөө боюнча атайын таштанды ташуучу автоунаа сатып алуу зарылчылыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Абат айыл» муниципалдык ишанасына атайын таштандыларды ташуучу автоунаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 350,0 (/ч жүз элүү миң) сомго чейин акча каражаты ажыратылсын.
2. Атайын таштанды ташуучу автоунаа сатып алуу үчүн акча каражаттар булактарын издеп табуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү турукту комитетке жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |