Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 2
“Чыйырчык” жайлоосу боюнча маселелерди талкулоо
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаевдин “Чыйырчык” жайлоосунун айланасында айыл өкмөтү менен Ош болустук токой чарбасынын ортосунда жүрүп жаткан талаш маселелер, соттук процесстердин жүрүшү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаев- дин “Чыйырчык” жайлоосу боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. “Чыйырчык” жайлоосун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансына кайтаруу боюнча жүрүгүзүлүп жаткан иштердин аягына жеткирүү жана жыйынтыгы жөнүндө кошумча маалымат берүү М. Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Миңбаева |