Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 9
Жарооз айылынын көчөлөрүнүн бирине наам берүү
Депутаттар Жарооз айылынын тургундарынын айылдагы борбордук көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Тойчубеков Бердибайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 2018-жылдын 13-апрелиндеги жалпы чогулуштун протоколун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарооз айылынын 2018-жылдын 13-апрелиндеги жалпы чогулуштун прото- колу бекитилсин жана Жарооз айылынын борбордук көчөсүнө Улуу Ата мекен- дик согуштун жана эмгектин ардагери Тойчубеков Бердибайдын ысымы ыйгарылсын .
2. Тойчубеков Бердибай атындагы көчөсүнүн чекаралары – түштүк жагынан Абжапаров Асандын үйүнөн башталып, түндүгүнөн Ибрагимов Мамасалинин үйүнө чейин белгиленсин.
3. Көчөнү иретке келтирүү, көчөнүн аты жана катар номерлери жазылган белгилерди илүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери Тойчубеков Бердибайдын үй бүлөсүнүн эсебинен жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Төрага | А. Миңбаева |