Редакцияот 02.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XI-сессиясы

 

2018-жылдын 02-июну № 10

Жайыт жерлерин ижарага берүү жөнүндө

Депутаттар Мады айылынын тургуну Пазылов Кармышактын Алгабас айылындагы жайыт жерлеринен ижарага берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун” негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 32 беренесине ылайык жаратылышта экологиялык тең салмактуулукту сактоо, айыл чарба өндүрүшүндөгү жерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жер кыртышы- нын түшүмдүүлүгүн жандандыруу максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алгабас айылынын 58-километриндеги “Ош-Алай” автоунаа жолунун оң жагындагы № 197 контурда жайгашкан 0,50 га жер тилкеси Пазылов Кармышакка ижарага берилсин.

2. Ижарачы Пазылов К. Жерди пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону” жетекчиликке алсын.

3. Ижарачы менен келишим түзүү жана ижара акысынын өлчөмүн мыйзамдарга ылайык белгилөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Миңбаева