Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 11
Кашкар-Кыштак айылындагы жаңы конушундагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участксынын тургундарынын 2018-жылдын 4-мартындагы айылдын жаңы конушундагы көчөгө эмгектин ардагери Нариман атанын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды каттоо жана учетко алуу, географиялык обьекттердин аталышын өзгөртүү, атоонун тартиби жөнүндөгү Жобо” № 467 токтомунун 6-пунктунун 3-абзацынын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участкасынын тургундарынын 2018-жылдын 4-мартындагы протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылындагы Кара-Суу көчөсүнүн батыш тарабындагы жаны конуштун биринчи көчөсүнө эмгектинт ардагери Нариман атанын ысымы ыйгарылсын.
2. Нариман-ата көчөсүнүн чекаралары – түштүк тарабынан Ахмаджанов Апсатар менен Усманов Рахимдердин үйлөрүнөн башталып, уландысы Аматахунов Ахмаджан менен Гапиров Бурхандын үйлөрүнөн уланып, Турсунова Разия менен Исаков Канаттын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөлөрдүн аталышын, үйлөрдүн катар номерлерин жазып, илүү, көчөлөрдү иретке келтирүү, оңдоо-түзөө иштерин аткаруу жагы Абдрахманов Юлдаштын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |