Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 12
Жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын разделден разделге которуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р. Рахматовдун жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын разделден разделге которуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылда сарамжал болгон акча каражаттарын 70111 – Аппарат тармагынын 3111 статьясынан 360,5 миң сом 70629 – Турак жай жана коммуналдык кызматтар тармагынын 3112 статьясына которууга макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын июнь айынан декабрь айына чейин сарамжал болгон жана пландагы кирешеден тышкары түшкөн 4000,0 миң сомго чейин акча каражаттары айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн чыгымдарын каржылоого бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык куенештин социалдык-маданий, коммуналдык-менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |