Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 13
Кашкар-Кыштак айылындагы жаңы конушундагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участксынын тургундарынын 2018-жылдын 4-мартындагы айылдын жаңы конушундагы көчөгө эмгектин ардагери Хамраев Абдурахмандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл дын 19-августундагы “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды каттоо жана учетко алуу, географиялык обьекттердин аталышын өзгөртүү, атоонун тартиби жөнүндөгү Жобо” № 467 токтомунун 6-пунктунун 3-абзацы- нын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участкасынын тургундарынын 2018-жыл- дын 4-мартындагы протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылындагы Кара-Суу көчөсүнүн батыш тарабындагы жаны конуштун бешинчи көчөсүнө эмгектин ардагери Хамраев Абдурахмандын ысымы ыйгарылсын.
2. Хамраев Абдурахман атындагы көчөсүнүн чекаралары – түштүк тарабынан Халмирзаев Миродил менен Асамидинов Шояттын үйлөрүнөн башталып, түндүк тарабынан Халмирзаев Зиейдин менен Абдрахманов Музафардын үйлөрүнөн аяктасын.
3. Көчөлөрдүн аталышын, үйлөрдүн катар номерлерин жазып, илүү, көчө- лөрдү иретке келтирүү, оңдоо-түзөө иштерин аткаруу жагы Абдрахманов Сатывалдынын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |