Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-июну № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агент-тигинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 15/304 чыгыш номери менен сунуш катын бекитүү
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 15/304 чыгыш номери менен берилген сунуш катынугуп жана талкуулап чыгып, калкты таза суу менен өз убагында камсыз кылуу жана абоненттик тарифтерди жөнгө салуу максатында Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 15/304 чыгыш номери менен берилген “Хает бахш” ИСКАКБсы боюнча абоненттик тарифтер жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын.
2. Кашкар-Кыштак айылында жашаган абоненттер үчүн абоненттик тарифтердин өлчөмдөрү;
- Ичимдик суунун өздүк баасы 1 м3 – 13,34 сом;
- Короодо суу түтүгү барлар үчүн 1 адамга - 24 сом;
- Көчөдөгү суу түтүгүнөн ичкендер үчүн 1 адамга – 14 сом болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |