Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 1
«Ош-Кара-Суу» автрассасына түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар “Ош-Кара-Суу” автрассасына түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 7-пунктунун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагынан өткөн “Ош-Кара-Суу” автотрассасына түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшкөн каражаттын жана же башка трансферттердин эсебинен 2018-жыл үчүн алдын ала түзүлгөн сметада көрсөтүлгөн 5829,0 миң сомдун 3/1 бөлүгүнө ылайык жумуш аткарууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын тиешелүү булактардан издеп табуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |