Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 2
Айылдык кенештин депутаты К. Ахмаджановдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Депутаттар Ош областтык сотунун 2018-жылдын 15-майындагы депутат Ахмаджанов Кахрамандын үстүнөн чыгарылган өкүмү боюнча депутат К.Ахмаджановдун Кыргыз Республикасынын Жогоку Сотуна көзөмөл иретинде даттануу укугуна таянып, депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууну убактылуу калтырып турууну суранган арызын угуп жана талкуулап чыгып Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 8-мандаттуу № 2 “Гагарин” шайлоо округунан шайланган Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты К. Ахмаджановдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу убактылуу токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү маалымат үчүн арыз ээсине жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |