Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 3
Катта-Талдык айыл өкмөтү менен жер аянттарын убактылуу алмаштыруу жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Динбаевдин Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жарандары Эшме айылына жакын жайгашкан Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер аянттарын эз алдыларынча ээлеп алышкандыгы жана ал жерлердин ордуна Бекжар айылынын Кичик жайлоосундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жайыт жер аянттарын алмаштыруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, ал эми талаш жерлер эки жактын жарандарынын пайдалануусуна ыңгайлуу болгондугуна байланыштуу эки айыл өкмөтүнүн адистери түзгөн жерлерди алмаштыруу жөнүндөгү 2018-жылдын 24- майындагы актысынын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Эшме айылына жакын жайгашкан 6,7 га, анын ичинен – 3,70 кайрак айдоо, 3,0 га жайыт жер аянттары Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылынын тургундарына;
- ал эми Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кичик жайлоосунда жайгашкан 40,0 га жайыт жер аянты Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Бекжар айылынын тургундарына убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бекжар айылынын айыл башчысы А. Эрменовго жана Жайыт комитетинин башчысы Э. Чолпонбаевге - Кичик жайлоосундагы 40,0 га жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөм акыларын өз убагында жыйнап алуу милдеттендирилсин.
3.Токтомдун көчүрмөсү маалымат үчүн А. Эрменовго жана Э. Чолпонбаевге берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |