Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 4
Кашкар-Кыштак айылында өрткө каршы күрөшүү бөлүмүн ачуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Маматалиевдин Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн Кара-Суу районунун аймагы чоң болуп, элинин саны көп болгондугунан, ал эми Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн калкынын саны да өсүп жаткандыгынан үй чарба кожолуктары да көбөйүп, өрткө каршы тейлөө кызматын көрсөтүү кыйындап жаткандыгы, ошого байланыштуу Кашкар-Кыштак айылында өрткө каршы күрөшүү бөлүмүн ачуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрткө каршы күрөшүү кызматынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана өрткө каршы күрөшүү автоунааларынын жолдо жүрүү убактысын кыскартуу максатында Кашкар-Кыштак айылында өрткө каршы күрөшүү бөлүмү ачылсын.
2. Өрткө каршы бөлүмүн тиешелүү имарат менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |