Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 5
“Жашстан” долбооруна материалдык колдоо көрсөтүү
Депутаттар “Жашстан” долбоорунун лидери Г. Юсупбекованын долбоорго материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жазган арызын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын борборуна жаштар үчүн курулуучу скверди жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 60,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-үнө – иш чараны каржылоо үчүн финансы булактарын издеп тапсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү “Жашстан” долбоорунун лидерине берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |