Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 6
Айыл аймагында эгилген теректерди кесүүгө уруксат берүү жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын айыл башчысы Х. Газиевдин айылдын ичиндеги автожолдорунун бойлорунда, эгин талаарында эгилген теректер бышып жетилгендиктен, чиригендиктен, убагында суу ичпей курган калгандыктан жана курт түшө баштагандыктан, сынып, кулап, ал эми шамал жүргөндө адамдардын өмүрүнө жана техника лардын абалына өтө коркунуч туудуруп, жогорку чыңалуудагы чубалгылардын алдында жайгашып, теректердин учтары зымдарга тийип, трансформаторлор күйүп, шамалда сынган теректер автоунаалардын үстүнө кулап, алар жакын эгилгендиктен эгиндерге көлөкөсү түшүп жаткандыктан комиссия Кара-Суу РЭТтин кызматчылары менен бирдикте рейд жүргүзүп, авариялык абалда турган дарактарды аныктап, аларды курулуш материалы катары иштетүү үчүн кесүү жөнүндө жазган актысын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Суу РЭТтин 2018-жылдын 31-майындагы берген корутундусунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын өмүрүнүн, электр чубалгыларынын, трансформаторлордун жана жолдон өткөн авто унаалардын техникалык коопсуздуктарын камсыз кылуу макса- тында авто жолдордун бойлорунда, эгин талааларында жана айылдардын ички көчөлөрүндө эгилип, бирок бышып жетилген, кургаган, курт жеген, жогорку чыңалуудагы чубалгылардын алдында жайгашкан жана башка авариялык абалда турган тал-теректерди кесүүгө уруксат берилсин.
2. Аймактагы абанын тазалыгын баланстоо, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу аркылуу кычкылтектин иштелип чыгышын үзгүлтүккө учуратпоо максатында кесилген бак-дарактардын ордуна декоративдүү дарактарды отургузуу дарак ээлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. Комиссиянын актысы жана Кара-Суу РЭТтин корутундусу тиркелет.
Төрага | А. Миңбаева |