Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 2
2018-жылдын январь айынан октябрь айына чейин эконом болгон акча каражатын тармактан тармакка которуу жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын январь айынан октябрь айына чейин эконом болгон акча каражатын тармактан тармака которуу жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70111 “Башкаруу аппараты” тармагынын 22141200 элементинен 70 000 сом, 22211100 элементинен 200 000 сом;
-70823 “Маданият үйлөрү” тармагынын 22111100 элементинен 38 000 сом, 22141900 элементинен 23 600 сом;
-70911 “Балдар бакчасы” тармагынын 31113290 элементинен 950 000 сом, жалпы 1 281 600 сом акча каражаты 70629 “Турак-жай коммуналдык кызматтар” тармагынын 3111 элементине которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |