КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XIII сессиясы
2018-жылдын 13-октябры № 3
Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына резервдерди көрсөтүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 8-сентябрындагы токтомунун негизинде участкалык шайлоо комиссияларынын курамы 2 жылга түзүлүп, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссияларына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелердин талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорун карап чыгып сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүлгөн жыйындардын протоколдору жана тизмелери райондук аймактык комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |