Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 4
КБФунун жерлерин ижарага берүү боюнча торук өткөрүү тартиби жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Тажик маала, Андижан маала, Кенжекул, Жарооз, Кайрагач айылындагы КБФунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү 2018-жылдын 1-ноябрь күнү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан торукту өткөрүү убагын, ар бир гектар жер аянтынын баштапкы баасын, торуктун кадамын, торукка кирүү билетинин өлчөмүн белгилеп торукту өткөрүү жөнүндөгү жер адиси А.Динбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» типтүү жобонун шарттарына ылайык айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Тажик маала, Андижан маала, Кенжекул, Жарооз, Кайрагач айылдарындагы КБФунун жерлерин ижарага берүү боюнча 2018-жылдын ноябрь-декабрь айларында торуктан өткөрүлсүн.
2. Ижарадан карызы бар жарандар торукка киргизилбесин.
3. Торукка коюлган КБФунун жерлери жер адистери тарабынан контурлар боюнча так такталып ошол контурда жайгашкан жерлердин өзгөчөлүктөрүнө жараша баалансын.
4. Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Тажик маала, Андижан маала, Кенжекул айылдарында ижарага берилүүчү сугат жерлердин бир гектарынын баштапкы баасы 7 000 (жети миң) сомдон, ар бир кадамы 400 (төрт жүз) сомдон, кирүү билети 50 (элүү) сомдон, кепилдик төлөм 2 000 (эки миң) сомдон белгиленсин жана жер салыктары, социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча башка төлөнөт.
5. Жарооз, Кайрагач айылдарынын ижара акылары баштапкы баасы жердин өзгөчөлүктөрүнө жараша гектарына 1 500 ( бир миң беш жүз) сомдон, 4 000 (төрт миң) сомдон, кадамы 400 (төрт жүз) сомдон, кирүү билети 50 (элүү) сомдон, кепилдик төлөмү 2 000 (эки миң) сомдон белгиленсин жана жер салыктары, социалдык фонд төлөмдөрү өз алдынча башка төлөнөт.
6. КБФунун жерлеринин жалпы аянтынын 10 пайызга чейинки өлчөмдөгү сугат айдоо жерлер жеңилдетилген түрдө түз берүү жолу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Ата мекендик согуштун катышуучуларына жана социалдык багыттагы субьектерге жогоруда белгиленген өлчөмдө берилсин.
7. Торуктарды өткөрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» типтүү жобонун шарттарын сактоо менен торуктарды жогорку уюшкандыкта өз мөөнөтүндө өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |