Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 5
Кашкар-Кыштак айылындагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участксынын тургундарынын 2018-жылдын 3-сентябрындагы тындагы айылдын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Ахраров Солижандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды каттоо жана учетко алуу, географиялык обьекттердин аталышын өзгөртүү, атоонун тартиби жөнүндөгү Жобо” № 467 токтомунун 6-пунктунун 3-абзацынын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участкасынын тургундарынын 2018-жылдын 3-сентябрындагы протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылындагы Кара-Суу көчөсүнүн батыш тарабындагы чолок (Гагарин атындагы мектептин алдында) көчөсүнө эмгектин ардагери Ахраров Солижандын ысымы ыйгарылсын.
2. Ахраров Солижан көчөсүнүн чекаралары – чыгыш тарабынан, оң жактан жаңы курулуп жаткан соода бороборунан жана сол жактан Халматов Розиматтын үйүнөн башталып, батыш тарабынан, оң жактан Абдурахмановдун үйүнөн жана сол жактан мектептин стадионунун аягына чейин белгиленсин.
3. Көчөлөрдүн аталышын, үйлөрдүн катар номерлерин жазып, илүү, көчөлөрдү иретке келтирүү, оңдоо-түзөө иштерин аткаруу жагы Ахраровдордун үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |