Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 6
Кашкар-Кыштак айылындагы жаңы конушундагы көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участксынын тургундарынын 2018-жылдын 27-сентябрындагы айылдын жаңы конушундагы көчөгө эмгектин ардагери Маматов Акимбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштарды каттоо жана учетко алуу, географиялык обьекттердин аталышын өзгөртүү, атоонун тартиби жөнүндөгү Жобо” № 467 токтомунун 6-пунктунун 3-абзацынын негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылынын № 2 участкасынын тургундарынын 2018-жылдын 27-сентябрындагы протоколу бекитилсин жана Кашкар-Кыштак айылындагы Кара-Суу көчөсүнүн чыгыш тарабындагы (Кара-Суу шаарына баратканда) жаны конуштун (Кара-Суу көчөсү менен “Ош-Кара-Суу” трассасынын ортосунда жайгашкан үч бурчтуктун ичиндеги) бардык көчөсүнө эмгектин ардагери Маматов Акимбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Маматов Акимбай көчөсүнүн чекаралары – түштүк тарабынан Кулбаев Дамир менен Абдукаримов Равшандардын үйлөрүнөн башталып, үч бурчтуктун аягына чейин белгиленсин.
3. Көчөлөрдүн аталышын, үйлөрдүн катар номерлерин жазып, илүү, көчөлөрдү иретке келтирүү, оңдоо-түзөө иштерин аткаруу жагы Маматов Акимбайдын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |