Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 7
Айылдык кеңештин депутаты Шаимкулов Исамидин Абдиваитовичти мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Жалалдинов Рашид Сайпидиновичтин айылдык кеңештин депутаты Шаимкулов Исамидин Абдиваитовичтин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатууда, анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Шаимкулов Исамидин Абдиваитович Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланууга сунушталсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация- сына жогорку бийлик органдарына сунуштоо үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |