Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры № 2
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга бюджетин, 2020-2022-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын 2018-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин кирешелери өзгөртүүлөрү менен 11 айга 37842,6 миң сомду, ал эми чыгашалар боюнча 35723,3 миң сомду түзүп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен белгиленсин жана кезектеги сессияда бир жылдык жүрүгүзүлгөн иштердин аткарылышы каралсын.
2. 2019-жылга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 39850,7 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет 35718,4 миң сом, теңдөөчү грант 4132,3 миң сом, чыгашалары менен 39850,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары өзгөртүүлөрү менен 11 айга 7758,2 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 7376,0 миң сомду түзгөндүгү белигленсин жана кезектеги сессияда бир жылдык жүрүгүзүлгөн иштердин аткарылышы каралсын.
4. 2019-жылга Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджети атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары менен 8101,0 миң сом, анын ичинен ата-энелердин мүчөлүк акысы 7800,0 миң сом, имараттарды ремонттоого мүчөлүк акысы 301,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркеме, чыгашалары боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте каралган статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) ылайык каржылануусу белгиленсин:
а) Башкаруу аппаратына – 9932,3 миң сом;
б) Айыл чарба (жайыт) - 267,0 миң сом
в)ТЖжККТ (ЖКХ) - 17232,4 миң сом;
г) Маданият тармагына – 2800,9 миң сом;
д) Билим берүү тармагына – 7383,7 миң сом;
г) Социалдык камсыздоо – 1405,0 миң сом;
е) Атайын каражаттар - 8101,0 миң сом.
7. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги – жалпы саны 44, анын ичинен айыл башчылары - 9, аскердик-каттоо инспекторлору- 10, ветеринар адис – 1, статист -1 жана тейлөөдөгү кызматкерлери - 4, андан тышкары маданият кызматкерлери – 23, анын ичинен тейлөөдөгү кызматкерлер – 8 бирдиктери бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнө чыгаша сметаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу берилсин жана көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарынан тышкары зарыл болгон чыгымдар кирешенин кошумча булактарынын эсебинен аткарууга уруксат берилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору:
- 2020-жылга – 42690,0 миң сом;
- 2021-жылга – 43490,0 миң сом;
- 2022-жылга - 44090,0 миң сом.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миңбаева |