Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры № 5
Айылдык кенештин депутаты К. Ахмаджановдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнө мурда токтотуу жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Рсепубликасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-августундагы депутат Ахмаджанов Кахрамандын үстүнөн чыгарылган өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесиинин 5-бөлүмүнүн негизинде Кашкар-Кыштак айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 8-мандаттуу № 2 “Гагарин” шайлоо округунан шайланган Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты К. Ахмаджановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Токтомдун көчүрмөсү маалымат үчүн Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана К. Ахмаджановго таанышуу үчүн берилсин.
3. Депутат Ахмаджанов Кахрамандын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу андан кийинки жетиштүү добуш алган депутатка мандат берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Миңбаева |