Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2018-жылдын 26-сентябры № 14-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонуучу К2, “Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр” коэфицентин жана “ мүлккө салык” салууда К2 зоналдык бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө калктын саны 20601 кишиге жеткендигине байлыныштуу, айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонуучу К2, “Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр” коэфицентин жана “ мүлккө салык” салууда К2 зоналдык бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, “Салык кодексинин” № 339-беренесине негиз,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонуучу К2, “Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр” коэфиценти 2,0 эсебинде бекитилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында “Мүлккө салык” салууда К2 зоналдык коэфиценти 2,0 эсебинде бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |