Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 16-4
Ооган согушунун катышуучусу Кожо-Арык айылынын тургуну Жолдошов Коңурбайдын атын Абшыр-Сай бөлүмүндөгү аты жок жаңы көчөгө коюу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кызыл бөлүмүндөгү жаңы конуштагы көчөгө “Ооган согушунун ардагери Джолдошов Коңурбай Назаровичтин атын ыйгаруу жөнүндө Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап, Джолдошов Коңурбай Назаровичтин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 20-ноябрындагы № 2 протоколу колдоого алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кызыл бөлүмүнүн жаңы конуштагы аты жок көчөгө “Ооган согушунун ардагери , Джолдошов Коңурбай Назаровичтин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |