Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 16-6
Ооган согушунун катышуучусу Кожо-Арык айылынын тургуну Райкулов Токтосун Жаанбаевичтин атын Кыркол-Сай бөлүмүндөгү аты жок жаңы көчөгө коюу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүндөгү жаңы конуштагы көчөгө “Ооган согушунун ардагери Райкулов Токтосун Жаанбаевичтин атын ыйгаруу жөнүндө Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап, Райкулов Токтосун Жаанбаевичтин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 20-октябрындагы № 2 протоколу колдоого алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүнүн жаңы конуштагы аты жок көчөгө “Ооган согушунун ардагери , Райкулов Токтосун Жаанбаевичтин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |