Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 17-3
Үй-бүлөлүк бюджетке чон зыян алып келип жаткан, ашыкча үрп-адат,каада-салттарды кыскартуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүндө каада-салт, үрп-адат,ырым-жырымдарды кыскартуу,ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана диний саясаттын негизги багытттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө № 203 Жаргылыга таянып Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырым,үрп-адаттарды,ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө жана диний саясаттын негизги багытттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып баруу боюнча бир катар иштердин аткарылгандыгына карабастан бир топ кемчилдиктердин бар экендиги белгиленсин.
2. Каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн демилгелүү топтун иштеп чыккан Жобосу бекитилсин.
3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия,аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, диний иштер этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Топчубаев |
Айыл аймагындагы жарандардын үй -бүлөлүк экономикасына зыян тийгизүүчү ашыкча чыгым алып келүүчү, үрп адаттарды, ырым- жырымдарды, каада салттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү
ЖОБО
Бул жобо коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды, үй-бүлөлүк үрп адаттарды, этностук ырым жырымдарды жана коомдо жаныдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирет жана андагы зыяндуу ашыкча убаракерчиликти, ысырапкерчиликти, ыгым- чыгымды жоюу менен жарандардын үй-бүлөлөрүнүн экономикалык социалдык жактан корголушун камсыздап,улуттук руханий маданияттын чыныгы баалуулуктарын аруулап таанууга, сактап калууга элдик каада салттарды урматтоого негиз болот.
Жобо Кыргыз Респуликасынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2007-жылдын 7-февралында сунуштаган маркумду акыркы сапарга узаттуу жөнүндөгү жобосунун айылдык кенештерди жана жер жерлерде жалпы жыйындарда талкууланган сунуштардын негизинде иштелип чыкты. Жобого ар бир айыл өүзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүдө чек коюлбайт.
1. Жобонун максаты, милдетинин жана аракетинин чектери.
1. Бул Жобонун максаты Кыргыз Республикасынын коомдук жашоо турмушундагы ашыкча ыгым чыгымдарды жоюу менен Кыргызстандын жалпы элинин социалдык экономикалык таламдарын коргоо, үй бүлөлүк жакырчылыктын денгээлин төмөндөтүү жарандардын турмушундагы социалдык экономикалык бекем пай дубалы моралдык нравалык баалуулуктарды адамдык, үй бүлөлүк улуттук элдик укуктарды камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.
2.Жобонун милдети элдик салттуу маданияттын жана дүйнөлүк азыркы цивилизациянын жетишкендиктеринин негизинде улуттук каада салттарды, үй бүлөлүк үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана коомдук салтанаттарды тартипке келтирүү болуп саналат.
3.Жобонун аракети бардык мамлекеттик органдарга коомдук уюмдарга, мекемелерге, бардык жарандарга жайылтылат.
4.Жобону турмушка ашыруу функциясы айылдык кенешке караштуу тиешелүү туруктуу комиссияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт жана алар ыксыз чыгымдарды талап кылган каада салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча чектөө иш чараларын киргизген айрым жерлердеги иш тажрыйбаларды жайылтат жана өз аймагындагы эл арасында жергиликтүү коомдук жана диний уюмдар, топтор аркылуу, маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү иш чараларды өткөрөт .
Жобо аймактын жергиликтүү кенеш тарабынан бекитилет.
5.Жобону жүзөгө ашыруу айыл өкмөтүнүн алдында ашыкча чыгымдарды жана ашыкча үрп адаттарды, каада салттарды тартипке келтирүү боюнча коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу комиссия түзүлөт жана жумушчу комиссия өзүнүн иш чара планын иштеп чыгып, анын негизинде жобону ишке ашырат.
6. Жобонун аткарылышы жана жумушчу топтун ишинин айылдык аймактын жалпы жыйыны, айылдык кенеш жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги көзөмөлгө алып турат.
II. Ашыкчы чыгымдарды жана ашыкча үрп адаттарды, каада салттарды тартипке келтирүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ыйгарымдуулук укуктары:
Ушул жобонун жана башка ченемдик актылардын талаптарына ылайык каада салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүүнү көзөмөлдөө.
Каада салтарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды, тойлорду майрамдык аземдерди үнөмдүү өткөрүү үчүн эрежелерди сунуштарды иштеп чыгуу.
Каада салттарды, үрп адатттарды, ырым фжырымдарды жана салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелерди тартипке келтирүү боюнча мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жана калк арасында агартуу жана үгүттөө иштерин жүргүзүү,
Жарандардын укугун коргоодо жеке жана юридикалык жактарга иш чараларды өткөрүүдө көмөк көрсөтүү.
Бул жоболор сакталбаган учурда комиссия жана коомдук комитеттер керектүү кагаздарды даярдап, укуктук жана коомдук таасир этүү чарасын көрүү үчүн тиешелүү орган жөнөтөт
III. Расмий салтанаттарды өткөрүү жана ашыкча убаракерчиликти жоюу:
Кыргыз Республикасынын Конституциясында кабыл алынган расмий майрамдарды белгилеп, мамлекеттик мыйзамдуулуктун чегинде өткөрүлөт.
Окуу жайларда,мектептердин окуучулардын турмушунда мурда салтта болбогон убаракерчиликтерге мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган үй-бүлөлүк бюджетке терс таасир тийгизген туулган күн,классташтар отурушу сыяктуу кечелерди уюштуруу,акча топтоп белек алып берүүлөргө элибиздин менталитети туура келбеген юбилейлерди өткөрүүгө чек коюлат.(Мектепти бүтүрүүчүлөр 10.20.30ж.б жылдык юблейлерин белгилөөдө мектеп үчүн зарыл болгон буюмдарды макулдашуу менен белекке берүү сунушталат.)
Элдик салтта орду жок,кийинки кездерде келип чыккан абысындар отуруш,бажалар отурушу туугандар отурушу,ажылар отурушу,кудалар отурушу келиндер отурушу сыяктуу иш-чаралар өткөрүүгө чек коюу.
IV.Туулган күндү күндү белгилөө;
1. Туулган күндү белгилөө жеке адамдын өз үй бүлөсүндө өткөрүү мамлекеттик ишканаларда туулган күн өткөрүү отуруштарды уюштурууга, спирттик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат.
V. /йлөнүү жана кыз узатуу тойлорун өткөрүү.
/йлөнүү тою эки жашка тен мыйзамда уруксат берилген куракка жеткен ыктыярлары менен эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу белгиленип,өткөрүлөт.Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди белектерди берүүгө уруксат берилет.Кудалашуудан баштап тойго байланышкан бардык иш чаралары эки тараптын туугандарына,конокторуна сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат.
Пата той, кочуруп келгендерди сыйлоо, тошок жыйды сыяктуу ашыкча чыгым алып келген салттарды откорууго тыюу салынат.
/йлөнүү тоюнда ЗАГСка чыгуучу автомашиналардын саны 3 кө чейин болууга тийиш же 1 женил автомашина жана 2 БУС маркасындагы автобус чыгууга уруксат берилет. Хаммер,ЖИП машиналары менен чыгууга тыюу салынат. Жогоркуда айтылган женил машиналарга айыл өкмөтү тарабынан справка берилет. Уруксатсыз чыккан автомашиналардын айдоочуларына МАИ кызматкерлери тарабынан чара көрүлөт.
Калын 80 мин сомго чейин,союш 5кө чейин,эки тангак пахта берууго уруксат.
Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан төшөнчүлөр килемдер азайтылып турмуш тиричиликке зарыл болгон гана буюмдар берилет.
Элге той берүүдө бир торпок же кичине жандык союлуп,чакырылгын коноктор сыйланышат.Той себет пакеттер катмыга катышкан аксакалдарга гана тартылат.Себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат,меймандарга да себет тартылбайт.
/йлөнүү тойлору үйдө же тойканада ичимдиксиз өткөрүлүп.3 сааттан ашпоого тийиш.
Эки жашка ЖААЖ (ЗАГС) бөлүмүнөн же айыл өкмүтүнөн нике каттоодон өткөндөн кийин молдо тарабынан күндүзү нике кыюуга уруксат берилет.
Тойдон кийин салттык отко кирүү,кыз көрдү төркүлөтүү сыяктуу кечелер өз ыктыяры менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 15ке чейин адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
Кызды мажбурлап ала качып,турмуш курууга тыюу салынат .
Тойго келүү убактысы эркектер үчүн саат 12ге чейин, ал эми аялдар үчүн саат 15;00 чейин келип бүтүүсү зарыл.
VI.Маркумду узатуу;
Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт.
Маркумду акыркы сапарга узатуу ар бир айылдын улуттук диндик өзгөчөлүктөрү эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу маркумдун урук туугандары,туугандарына кудаа сөөктөрүнө карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну жайгаштырууну кайра узатууну уюштуруу,сөөктү коюу күнүн убактысын белгилөө жана маркумдун жайын каздыруу жагы айыл аксакалдар кенешинин жетекчиси,айыл башчысы,имам көчө комитетинин жетекчилиги аркылуу аныкталып уюштурулат. Маркум өткөн күн жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан 3 күн ичинде мумкунчулугуно жараша торпок же майда жандык союлса алыстан келген меймандар үчүн ысык тамак уюштурса болот. Сөөк коюу жана аза күтүү учурунда спирттик ичимдик куюууга тыюу салынат. Маркум өткөн жерде жыртыш айрууга,майда барат буюмдарды;самын,жип,чай,чыны берүүгө,уруу-урууга акча таратууга тыюу салынат,аза күткөндөргө салтанаттарга кийүүчү улуттук кийимдерди кийгизүүгө тыюу салынат.Уюштуруу иштерине бекитилген кишилер гана катышат
Сөөк коюудан кийинки маркумдун экинчи бейшембилигинде кыркы өткөрүлүп,бир майда жандык союуга уруксат берилет.
Курбан айт, орозо айт күндөрү үй-бүлөсү,жакын туугандары менен куран окуп бата кылынат.
Элүү экиси, жылдыгы сыяктуу ашыкча расымдар өткөрүлбөйт. Кийим кийгизмей болбойт союш жетелеп баруу чай ичирди болбойт.
Жакынын жоготкон үй-бүлөгө каражат жагынан колдоо көрсөтүүгө чек коюлбайт,аялдарга материалдын ордуна акчасын эле берсин.
Жободо уруксат берилбеген ащыкча ысырапкерчиликтер үчүн куран окуган имамдарга чара көрүү сунушталат.
VII. Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү:
1.Сүннөт той откоргон адам тойду бир күндө өткөрөт, мумкунчулугу болсо 2 жашар музоо же майда жандык союуга уруксат жана андан ашпоого тыюу салынат, жакын туугандарынын жана оз айылынын тургундарынын катышуусунда гана өткөрүлөтсебет которуп келуу жана которуп кетууго тыюу салынат..Эн жакындарына 4 конок берет, ашыкча конок берүүгө тыюу салынат.
Кандай гана маараке болбосун катмыга катышкан аксакалдарга гана пакет берсе болот.
Сүннөткө жаткырылган балага ар түрдүү майда белектерди берүүгө чек коюлбайт.
2.Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз, үй бүлөлүк майрам катары белгиленет.
3.Ажы менен учурашуу жалпы элдик тойго айландырылбай чакырылгандардын жана жакын туугандарынын гана катышуусунда откорулот, мумкунчулугуно жараша бир майда жандык союуга уруксат.
Ажыга барган адам менен учурашууга келгендерге белек берилбейт.
VIII. Кесиптик майрамдарды өткөрүү.
1.Кесиптик майрамдарды мекеме ишканалардын өзүндө жалпы жыйын кылып, эмгек алдынкыларын сыйлоо менен өткөрүү талапка ылайык. Район боюнча жетекчилерди чакырып, чон тойго айландырылбайт.
IX. Мектептерде даталуу күндөрдү өткөрүү.
1.Мектептерде даталуу күндөрдө акыркы конгуроо, алиппе майрамы күндөрүндө мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.
Мектептер үчүн гана муктаждыгына жараша ыктыярдуу түрдө керектүү буюмдар алынып тапшырылат.
«Бүтүрүү кечелери» сыяктуу кечелер ата энелердин катышуусунда, ашыкча чыгымдарсыз 2 сааттан ашбастан, күндүзү өткөрүлөт.
X.Бала төрөлгөндө өткөрүлө турган бешик той, ата көрдү
(Азем-акыйка):
1.Бала төрөлгөн күнү төрөт үйүндө кудаалар бири бирине алтын шакек, сөйкө сыяктуу баалуу белектерди берүүсүнө тыюу салынат.
2.Баланын атасы баласына атап мумкунчулугуно жараша майда жандык союп, (Акыйка) тоюн өткөрүп берсе болот. Ага кудаа тараптан 6-8 киши келип кудаанын сыйын көрүп кетишет.Келиндин энеси жаны төрөлгөн ымыркайга бир бешикти жасалгасы менен акыйка откоргон куну алып келет.Башка белектерди алып келууго тыюу салынат.