Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 17-7
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну Шумкарбек кызы Айперинин арызын кароо жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну Шумкарбек кызы Айпери Индия Республикасына барып,операция жолу менен боорун алмаштырып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын тургуну Шумкарбек кызы Айпери Индия Республикасына барып,операция жолу менен боорун алмаштырып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен ФЭБ башчы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |