Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 17-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан 1,30 га жер аянтына кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан 1,30 га жер аянтына кыш чыгаруу заводун куруу үчүн айыл чарба багытындагы жер аянттарын “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлердин” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү” Жобонун 31-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан № 6740 контурунан 1,13 га жана № 6705 контурунан 0,17 га жер аянттарын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жалпы 1,30 га жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан № 6740 контурунан 1,13 га жана № 6705 контурунан 0,17 га жер аянттарын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жалпы 1,30 га жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан № 6740 контурунан 1,13 га жана № 6705 контурунан 0,17 га жер аянттарын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жалпы 1,30 га жайыт жер аянтары трансформациялангандан кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү жеке ишкер Бекмурзаев Курванали менен ижаралык келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |