Редакцияот 19.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2019-жылдын 19-марты № 17

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин VI чы чакырылышынын 2018-жылдын 25-декабрындагы кезексиз 17-сессиянын № 17-8 токтомун турмушка ашыруу үчүн Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан 1,30 га жер аянтына кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жер аянтын (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан 1,30 га жер аянтына кыш чыгаруучу завод куруу үчүн айыл чарба багытындагы жер аянтын “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып,кыш чыгаруучу заводун куруу максатында, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин VI чы чакырылышынын 2018-жылдын 25-декабрындагы кезексиз 17-сессиянын № 17-8 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү” Жобонун 31-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып,Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы аймагындагы аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан № 6740 контурунан 1,13 га жана № 6705 контурунан 0,17 га жер аянттарын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жалпы 1,30 га жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер”категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы аймагындагы Кожо-Арык айылынын “Ак-Чаңгал” бөлүмүндөгү разрез “Абшыр” технологиялык жолунун түндүк тарабынан бош жаткан № 6740 контурунан 1,13 га жана № 6705 контурунан 0,17 га жер аянттарын кыш чыгаруучу завод куруу үчүн жалпы 1,30 га жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер”категориясына которуп (трасформациялоого) берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана жер адиси Р.Ураимовго тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Мадимаров