Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели №65
Зергер жайыт комитетинин бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчилике алып, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы М.Абдыллаевдин билдирүүсүн талкуулап Зергер айылдык Кенешинин кезексиз 19-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер жайыт комитетин 2018-жылы аткарылган иштери канаттандырарлык деп табылсын
2. Зергер жайыт комитетинин 2019-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 540012 сомго, чыгашасы 540012 сомго бекитилсин.
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал жана топоз(чон) бир башына -80 сом.
- Кара мал жана топоз(жаш)бир башына -60 сом.
-Кой-эчкинин бир башына-16 сом.
-Жылкы,эшек,төөнүн бир башына-80 сом.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чон) бир башына -150 сом.
-Кара мал жана топоз (жаш) бир башына-120 сом.
-Кой жана эчки бир башына -30 сом.
-Жылкы,эшек жана төө бир башына- 150 сом .
4. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатта (арычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5. Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлери 116281 сомго жер салыгы жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Зергер жайыт комитетинин төрагасы М.Абдыллаевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |