ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштын кезексиз 19-сессиясы
2019-жылдын 12-апрели № 68
Зергер айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризация лоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жерге жайгаштыруу “Кыргызмамжердолбоор” институнун жер фондусун инивентаризациялоо тактоо боюнча материалдарынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” иниституту иштеп чыккан Зергер айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо (тактоо) материалдары бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Айыл-суу чарба,өнөр жай,курулуш,транспорт,энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Кулушов |