Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели № 69
Зергер айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Зергер айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын”жана Зергер айыл өкмөтүнүн ФЭб бөлүмүнүнүн Зергер айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарын угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетине жайыт пайдалануучулардын эсебинен түшүүчү жайыт акысынан алынуучу төлөм 400.0 (төрт жүз мин) сом кошумча каржылоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Кулушов |