Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №25-1
Айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылындагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн, Муркут айылындагы жаңы конушунун тургундарынын 2019-жылдын 10-февралындагы жыйынынын №1- протоколу бекитилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн Муркут айылындагы, Ош-Исфана автожолунун 75-чакырымынын түндүк тарабында жайгашкан жаңы конуштун көчөсүнө Абдулазизов Калмурзанын ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо,транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Абдырахманов |