Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 111
Кадамжай мэриясынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР мыйзамынын 9-беренесинин 5- пунктуна” ылайык Кадамжай райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмү менен түзгөн типтүү келишимин жана Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана экономикалык өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай мэриясынын Кадамжай райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмү менен түзгөн типтүү келишими бекитилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылуусун камсыз кылуу шаардын мэри Б. Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |