Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты №25-5
Айыл аймагында, Кыргыз Республикасынын «үй бүлөөдөгү зордук зомбулук жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “үй бүлөөдөгү зордук зомбулук жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча,айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын аткарылышы жөнүндө,социалдык маселелер боюнча адисинин берген маалыматтары эске алынсын.
2. Үй бүлөөдөгү зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш аракеттерди дайыма жүргүзүп туруу, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин «Социалдык маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |