ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2019-жылдын 15-марты №25-11
Айылдарда санитардык абалды жакшыртуу максатында, тазалык боюнча ишкана уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдарда санитардык абалды жакшыртуу максатында,жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы А.Темировдун,тазалык боюнча ишкана ачуу жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Тазалык боюнча ишкана ачуу жөнүндөгү сунушту, калк арасына жана жеке ишкерлерге жеткирүү,түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн адистерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеёештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |