Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 125
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана шаардык мэриянын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагында Республикалык бюджеттен мамлекеттик кредит эсебинен курулган 45 батирлүү үйдү бөлүштүрүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда түзүлсүн:
1. Абдырахманов Ш.М. – шаардык кеңештин депутаты
2. Гапаров Н.С. – шаардык кеңештин депутаты
3. Курбанова У.А. – шаардык кеңештин депутаты
4. Аманов А.К. – шаардык кеңештин депутаты
5. Нажимитдинов А.Н. – шаардык кеңештин депутаты
6. Тагаев Ч.Т. – шаардын вице-мэри
7. Садыков К. – мэриянын адиси
8. Миталипов А. – мэриянын адиси
9. Эгембердиева К. – Северная 23 үйүнүн тургуну
10. Салиева Н. – Северная 23 үйүнүн тургуну
11. Султанов А. – Северная 20 үйүнүн тургуну
12. Алимбеков А. – Больничная көчөсүнүн тургуну.
2. Авариялык абалдагы үйлөрдүн тургундары өз каалоосу менен байкоочу катары комиссиянын ишине катышышы мүмкүн.
3. 45 батирлүү үйдү бөлүштүрүү боюнча Жобону иштеп чыгып, сессияга сунуштоо жагы түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Э. Ураимов |