Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2002-жылы 30-майдагы №105 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө жана Ынтымак айыл өкмөтүндөгү жер комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы отурумундагы «Акшар айылынын муниципалдык менчикте турган мечиттин жеринен социалдык жактан тейлөө үчүн Бала-бакча куруу учун ФАП курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» № 5-протоколу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2002-жылы 30-майдагы №105 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө жана Ынтымак айыл өкмөтүндөгү жер комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы отурумундагы «Акшар айылынын муниципалдык менчикте турган жерден социалдык жактан тейлөө үчүн Бала-бакча, ФАП курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө» №5-протоколу тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2002-жылы 30-майындагы №105 токтомуна өзгөртүү толуктоолор киргизилсин.
2. Акшар айылындагы муниципалдык менчикте турган мечиттин 0.26га жеринен ФАП курууга 0,05га жана Бала-бакча 0,10га жер аянты ажыратылып берилсин
3. Жогоруда аталган муниципиалдык жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн Акшар, Дөң-Маала айылдарынын айыл башчысы М. Мурзакановко тапшырылсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдикулов |