Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 5
Ынтымак айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн 2018-жылдын 7-февралындагы жалпы элдик жыйындын протоколу тууралуу
Ынтымак айылдык кенешинин күн тартибиндеги «Ынтымак айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 7-февралындагы жалпы элдик жыйындын протоколу тууралуу» маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн 2018-жылдын 7-февралындагы жалпы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин
2. Ынтымак айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун төрагасы болуп Беш-Буркан айылынын тургуну Төрөбеков Рустам жана Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө Арык-Бою айылынын тургуну Газыев Абдикарим жана Ынтымак айылынын тургуну Омурзаков Абдырахман элдердин макулдугу менен дайындалышсын
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктерди саткандарга тыюу салынсын
4. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында спирттик ичимдиктерди саткандарга биринчи эскертүү берилсин андан кийин Аксакалдар сотуна өткөрүлсүн, ошондо да саткан болсо элдик жыйындын кароосуна коюлсун
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын
Төрага | А. Абдикулов |