КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2019-жылдын 12-июну № 126
Кадамжай шаарынын аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын жетекчилиги тарабынан КРнын Өкмөтүнүн “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Гигиена эрежелери жана нормалары жөнүндөгү” 2004-жылдагы № 9 токтомунун аткарылышы жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши А.Масалиев атындагы орто мектебинде 2018-2019-окуу жылында 1-класстарга кабыл алынып, окуган балдардын саны КРнын Өкмөтүнүн “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Гигиена эрежелери жана нормалары жөнүндөгү” 2004-жылдагы № 9 токтомунун “балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы” бөлүмүнүн талаптарына жооп бербегендигинен (25 баланын ордуна 45 чейин бала окутулуп, шаардын аймагындагы № 1, № 2, № 4, № 7 балдар бакчаларынын группаларында 40 ашуун бала тарбияланат) балдардын ден-соолугуна, психикасына жана билим деңгээлине түздөн түз терс тааксирин тийгизгенин баса белгилеп, 2019-2020-окуу жылында 1-класстын окуучуларына, балдар бакчаларындагы тарбияланып жаткан балдарга ыңгайлуу шарт жаратуу үчүн шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы мектептерде 2019-2020-окуу жылына карата окуучуларды 1-класска кабыл алуу боюнча төмөнкү курамда атайын депутаттык комиссия түзүлсүн:
1. Тагаев Ч.Т. – шаардын вице-мэри
2. Караев Ш.И. – шаардык кеңештин депутаты
3. Нурматов Ч.А. – шаардык кеңештин депутаты
4. Шакирова Х. – шаардык кеңештин депутаты
5. Абдраимов А.Г. – шаардык кеңештин депутаты
6. РББ бөлүмүнүн адиси (макулдашуу менен)
7. СЭС кызматкери (макулдашуу менен)
8. А.Масалиев мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы (макулдашуу менен)
2. Мектептердин, балдар бакчалардын микроучасткаларын кайрадан түзүү боюнча мэрия түзүлгөн комиссия менен биргеликте иш алып барсын.
3. Электрондук кезекти түзүү жана тездетүү жагы мэрияга (Б.Бегалиев) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов |