Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 6
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Чындык конушуна намазкана куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Чындык конушуна намазкана куруу үчүн жер аянтын ажырат берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Чындык конушундагы Шакиров Мамасалинин өзүнүн макулдугу менен, жеке тамаркасынан намазкана куруу үчүн 675,0м2 жер аянтын ажыратып берүү үчүн документ иштерин даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисине тапшырылсын
2. Жогоруда аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин жер суу жана электр энергия жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А. Абдикулов |