Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 1
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 1884,5 миң.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин IV бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнүн 33- беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары;
А) “№75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 2-корпусунун имаратын капиталдык ремонттон ɵткɵрүү” долбоорун каржылоо максатында 1004,5 миң.сом;
Б) “№12 Отуз-Адыр орто мектебинин имаратын ремонттон ɵткɵрүү” долбоорун каржылоо максатында 880,0 миң.сом;
Жалпысы 1884,5 миң.сом акча каражаты бɵлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т.Туйбаев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Алдраков).
Төрага | А. Беделов |