Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры № 4
Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарындагы аталышы жок жаңы кɵчɵлɵргɵ аталыштарды ыйгаруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген”Географиялык аталыштарды жана объекттерди каттоонун жана аларга аталыштарды ыйгаруунун тартиби жɵнүндɵ” аттуу Жобонун 6-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын батыш тарабындагы жаңы кɵчɵгɵ Аэропорт кɵчɵсү деген аталыш берилсин.
2. Отуз-Адыр айылынын түштүк тарабында жайгашкан Зымырык калктуу конушунун чыгыш тарабындагы эки жаңы кɵчɵгɵ Биримдик жана Ɵнүгүү кɵчɵсү аталыштары берилсин,батыш тарабындагы биринчи жаңы кɵчɵгɵ Капышева Айсулуу кɵчɵсү аталышы ыйгарылсын,экинчи жаңы кɵчɵгɵ Кайрат кɵчɵсү аталышы,түштүк тарабындагы Кеңеш кɵчɵсүнɵ Кеңеш-1,Кеңеш-2,Кеңеш-3,Кеңеш-4, Кеңеш-5,Кеңеш-6 жана Кеңеш-7 кɵчɵлɵрү деген аталыштар берилсин.
3. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын батыш тарабындагы үч жаңы кɵчɵгɵ Замандаш, Мектеп жана Достук кɵчɵсү аталыштары берилсин.
4. Савай-Арык айылынын күн батыш тарабында жайгашкан Ош-3000 калктуу конушундагы эки жаңы кɵчɵгɵ Ынтымак жана Биримдик кɵчɵсү аталыштары берилсин.
5. Кызыл-Абад айылынын Корпус кɵчɵсүнɵ Корпус-1,Корпус-2 жана Корпус-3 кɵчɵлɵрү деген аталыштар,С,Эрмеков кɵчɵсүнɵ С.Эрмеков-1,С.Эрмеков-2 жана С.Эрмеков-3 кɵчɵлɵрү деген аталыштар,Живпром кɵчɵсүнɵ Живпром-1,Живпром-2,Живпром-3,Живпром-4 жана Живпром-5 кɵчɵлɵрү деген аталыштар берилсин.
6. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.(Э.Атабаев)
7. Ушул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |