Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 2
Жайыт комитетине караштуу МТЗ-80 тракторун жана фронталдык погрузчикти иштетүүнүн баасын бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» аттуу Мыйзамынын III главасынын 31 жана 36-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдан баштап МТЗ-80 трактору тарабынан 1га сугат жерди айдоонун баасы 2500 сом ɵлчɵмүндɵ,ал эми 1га кайрак жерди айдоонун баасы 2000 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
2. 2019-жылдан баштап фронталдык погрузчикти иштетүүнүн 1мото/часынын баасы айыл ɵкмɵтү үчүн 1550 сом ɵлчɵмүндɵ ,ал эми айыл аймагынын тургундары үчүн 2300 сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин тɵрагасына жүктɵлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |